Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00

Sputnik
Бишкекте саат 11-00! Жаңылыктар менен тааныштырып студияда Кенжебай Сатканалиев. Саламатсыздарбы! Бул чыгарылышта:
GoBus автобустары эми Бишкектен Нарынга каттай баштайтБүгүн Олимпиада оюндарынын алкагында эки кыргызстандык спортчу мелдешке катышат Бишкекке Европа дипломатиясынын башчысы Жозеп Боррель келди алдыда кененирек...
Кыргызстанга Европа биримдигинин тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча башчысы, Европа комиссиясынын вице-пезиденти Жозеп Боррель келгенин Тышкы иштер министрлиги кабарлады. Билдирмеге ылайык, анын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубев жана өзгөчө кырдаалдар министри Болот Ажикеев менен жолугушуусу пландалууда. Боррелди президент Садыр Жапаров да кабыл алат.
Үстүбүздөгү жылдын 8-августунан тарта Бишкек — Нарын багыты боюнча GoBus автобустары каттай баштайт. Бул тууралуу Туризмди өнүктүрүү фондунан кабарлашты. Маалыматта каттамдар күн сайын аткарылары айтылат. "Автобустар Бишкектеги Ибраимов көчөсүнөн эртең менен саат 8де Нарынды көздөй, ал эми Нарындан борбор калаага саат 10до сапар алат. Жол убактысы төрт жарым саатты түзөт. Билеттин баасы — 500 сом", — деп билдирди Туризмди өнүктүрүү фонду. Мындан тышкары, туристтердин Нарын жергесине болгон кызыгуусу жылдан жылга өсүп баратканы кошумчаланган. Алар көбүнчө Борбор Азиядагы эң чоң, бийиктиги 400 метр болгон Шар шаркыратмасын, Таш-Рабат, Соң-Көл, Чатыр-Көл жана Кел-Сууну көрүүгө келишет. Каттамдар тууралуу толук маалыматты GoBus мобилдик тиркемесинен же 0706 880087 номеринен билүүгө болот.
Бишкек шаарында бүгүн капиталдык оңдоо жумуштары үчүн Чүй көчөсүнүн бир бөлүгү жабылат. Бул тууралуу борбор калаанын басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, учурда Бишкек шаарында бир нече көчөдө жолду капиталдык оңдоо жумуштары уланууда. Мына ушул жолдорду оңдоп-түзөө иштеринин алкагында бүгүн, 3-августта Чүй проспектисинин Абдрахманов көчөсүнөн Эркиндик бульварына чейинки бөлүгү жабылат. Буга байланыштуу №34, 38, 104, 222 жана 227 автобус каттамдарынын кыймыл чиймеси өзгөргөн.
Парижде өтүп жаткан 33- жайкы Олимпиада оюндарынын алкагында бүгүн Кыргызстандын эки спортчусу мелдештерге чыгат. Анда Суучул Елизавета Печерских аялдар арасында 50 метр аралыкты эркин сүзүү жарышына чыгат. Мелдеш азыр саат 11:00дө башталууда. Ал эми боксчу Мунарбек Сейитбек уулу чейрек финалда күч сынашат.Ал АКШлык Жамал Харви менен кез келет. Спортчу буга чейин 57 кг салмак ченинде сегизден бир финалда кубалык Сайдель Иван Орта Родригес менен беттеш өткөрүп, үч раунддун жыйынтыгы боюнча калыстар Кыргызстандын боксчусуна жеңишти ыйгарган. Беттеш бүгүн түнкү саат 12де болот. Белгилей кетсек, Париждеги жайкы Олимпиада оюндары 26-июлдан 11-августка чейин өтөт. Кыргызстандын 16 спортчусу сууда сүзүү, спорттук күрөш, жеңил атлетика, дзюдо жана бокс боюнча мелдештерге катышууда.
Европа Биримдиги Америка кошмо штаттарынын презденттигине талапкер Дональд Трамп шайлоодо жеңип чыкса, Украинага жардам көрсөтүүнү токтотушу мүмкүн деп кооптонуп, мындай кырдаалда көрүлө турган аракеттердин планын түзүүдө. Бул тууралуу “Файненчил таймс” басылмасы жазды. Европалыктарды ошондой эле Трамп тарабынан соода салыгын киргизүү мүмкүнчүлүгү дагы тынчсыздандырууда. Еврокомиссия мындай кырдаал үчүн “атайын жумушчу топту” түзгөнүн, анын биринчи отуруму сентябрь айына белгиленгенин "Sputnik Ближнее зарубежье" Telegram-каналы кабарлады.