БИШКЕК, 2-авг. — Sputnik. Кыргызстанга Европа биримдигинин тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча башчысы, Европа комиссиясынын вице-пезиденти Жозеп Боррель келгенин ТИМ маалымдады.
Билдирмеге ылайык, анын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубев жана өзгөчө кырдаалдар министри Болот Ажикеев менен жолугушуусу пландалууда.
Боррелди президент Садыр Жапаров да кабыл алат.