Эрмат Жумаев Талас облусунун башчысы болуп дайындалды

Sputnik
БИШКЕК, 2-авг. — Sputnik. Эрмат Жумаев Талас шаарынын мэри кызматынан бошотулуп, президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды.
Тийиштүү жарлыкка өлкө башчы Садыр Жапаров кол койду.
Эске салсак, облустун мурдагы жетекчиси Нурлан Дарданов өз милдеттерин жетишсиз аткаргандыгы үчүн кызматынан бошотулган. Ал эми Таластын бийлигинин иши канааттандырарлык эмес деп табылган.
Сузак бир мандаттуу шайлоо округунан ЖКга мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындалды