"Башкысы, Мекенге келдиңер". Путин айырбашталган россиялыктарды куттуктаган видео

Sputnik
БИШКЕК, 2-авг. — Sputnik. РФ лидери Владимир Путин камакка алынгандарды айырбаштоонун алкагында НАТО өлкөлөрүнөн мекенине кайтарылган россиялыктарды тосуп алып, куттуктады.
"Биринчи иретте Мекениңерге кайтып келишиңер менен куттуктайм. Азыркы айтарым, силердин араңарда тургандардын ичинен аскердик милдетин өтөгөндөргө тиешелүү. Берген антыңарга турганыңарга, силерди бир мүнөт да унутпаган Мекениңердин алдындагы милдетиңерди аткарганыңар үчүн ыраазылык айтам. Эми силер үйгө келдиңер. Баарыңар мамлекеттик сыйлыкка көрсөтүлөсүңөр", — деген президент.
Путин кийинчерээк алардын мындан аркы кадамдары тууралуу сүйлөшөрүн айтып, кайтып келиши менен дагы бир ирет куттуктаган.
Эске салсак, Батыш өлкөлөрү менен буга чейин камалгандарды айырбаштоо иштеринен улам бир нече россиялык Москвага алып келинсе, бир нече чет өлкөлүк менен оппозиция мүчөлөрү Батыш мамлекеттерине берилген.
Путин айырбашталган россиялыктарды тосуп алган видео