Путин айырбашталган россиялыктарды тосуп алган видео

Мамлекет башчы бир катар жарандарга ыраазылык билдирип, мамлекеттик сыйлыкка көрсөтүлөрүн айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 2-авг. — Sputnik. РФ президенти Владимир Путин камалгандарды алмашуу иштеринен кийин Москвага кайтып келген россиялыктарды "Внуково-2" аэропортунан тосуп алды. Бул туурасына РИА Новости жазды.
"Биринчи иретте Мекениңерге кайтып келишиңер менен куттуктайм",— деген президент.
Мамлекет башчы аскердик милдетин абийирдүүлүк менен аткаргандарга ыраазылык билдирип, мамлекеттик сыйлыкка көрсөтүлөрүн айтты.
Кечээ ФСБ НАТОнун айрым мамлекеттеринде абакта жаткан сегиз россиялык мекенине кайтарылганын билдирген.
Маалымат булактар Артем Дульцев, Анна Дульцева, Павел Рубцов, Вадим Конощёнок, Михаил Микушин, Владислав Клюшин, Роман Селезнев, жашы жете элек эки бала мекенине кайтканын билдиришкен эле.
Агентикке маалымат берген киши алардын көбү Россиянын чалгын кызматы менен иштешип кызматташкан деп айыпталганын, бирок көпчүлүк учурда алардын күнөөсү далилденбегендигин белгилеген. Алардын арасында "Германияда өмүр бою абакка кесилген Красиков деген ат менен белгилүү россиялык" бар экенин айтты.
Мекенине АКШда акчаны сүйлөшүп алып адалдоого аракет кылды деп күнөөлөнгөн Александр Винниктин кайтып келиши күтүлүп жаткан. Бирок анын энесинин РИА Новостиге билдиргенине караганда, уулу америкалык түрмөдөн чалып, алмашыла тургандардын тизмесинен чийилип калганын, алар себебин түшүндүрбөгөндүгүн айткан.
Ал эми Россиядан Пол Уилан, Кевин Лик, Эван Гершкович, Демури Воронин, Владимир Кара-Мурза*, Алсу Курмашева, Лилия Чанышева, Вадим Останин, Ксения Фадеева, Александр Скочиленко, Илья Яшин*, Андрей Пивоваров жана Олег Орловду* берген.
Владимир Путин чет өлкөдө камалган россиялыктарды мекенине кайтаруу үчүн жогорудагыларга ырайым кылуу боюнча жарлыкка кол койгонун Кремль билдирген.
Москва Беларустун президенти Александр Лукашенкого Беларуста кармалып өлүм жазасына өкүм кылынган германиялык Рик Кригерге ырайым кылганына ыраазылык билдирди. Кремль, андан сырткары, камалгандарды алмашуу ишине жардамдашкан өлкөлөргө да ушундай маанайдагы ыраазылыгын айткан.
* РФте чет элдик агент деп таанылган
ФСБ: Россия менен Батыш өлкөлөрү камалгандарды алмашты