Таласта 10 жаштагы бала кароосуз калды деген видео боюнча териштирүү жүрүүдө

Бала көгөргөн, каткан нан жеп, түнкүсүн чөөлөрдөн коркконунан сарайдын чатырына чыга качканы айтылат.
Sputnik
БИШКЕК, 2-авг. — Sputnik. Таласта кароосуз кой кайтарып жүрөт делген 10 жаштагы баланын видеосу боюнча териштирүү жүрүүдө. Бул тууралуу Талас ОИИБден билдиришти.
Буга чейин соцтармактарда жарым жылаңач бала талаада кой кайтарып жүргөн видео тараган. Анын авторунун айтымында, атасы баласын ачка, талаада жалгыз калтырган. Бала көгөргөн, каткан нан жеп, түнкүсүн чөөлөрдөн коркконунан сарайдын чатырына чыга качкан.
Видео тарагандан кийин Айтматов райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери жерине барган. Алар бала 10 жашта экенин, Арчагүл айылынан 20-25 чакырым алыстыктагы мал сарайда таенеси менен турарын аныкташкан.
"Балага карата жасалган мамиле боюнча териштирүү иштери жүрүп жатат. Окуяга катыштыгы бар жарандар, анын ичинде видеого тарткан киши дагы милициянын райондук бөлүмүнө алып келинди", — деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле бала Арчагүл айылында окуй турганы жана окуя боюнча кошумча маалымат берилери айтылды.
Радио
Адылова: балдар аралашкан кылмыштарга коомдун кайдыгерлиги да себеп