Кыргызстанда жакшы жана начар иштеген мамлекеттик органдар аныкталды

Саламаттык сактоо, Маданият министрликтеринин, Талас жана Баткен облустарынын бийлик органдарынын иши "канааттандырарлык эмес" деп табылды.
Sputnik
БИШКЕК, 2-авг. — Sputnik. Министрлер кабинети мамлекеттик органдардын, ошондой эле президенттин аймактардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларынын 2024-жылдын биринчи жарым жылдыгына карата иш планын кандай аткарганына баа берди.
Баалар:
"эң жакшы" – 7 мамлекеттик орган (2023-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча 11 мамлекеттик орган болгон);
"жакшы" – 7 (жалпы 8 болчу);
"канааттандырарлык" – 3 (жалпы 4 болчу);
" канааттандырарлык эмес" – 4 (жалпы 2 болчу).
Саламаттык сактоо министрлигинин, Маданият министрлигинин, ошондой эле Талас жана Баткен облустарынын бийлик органдарынын иши "канааттандырарлык эмес" деп табылды.
Кийинки баалоо 2024-жылдын жыйынтыгы боюнча декабрь айында жүргүзүлөт.
Талас облусунун башчысы Нурлан Дарданов кызматтан алынды