Лазат Нуркожоеванын колун сураган жигиттин камактагы мөөнөтү узартылды

Сабырбеков буга чейин президенттин карындашы Лазат Нуркожоеванын колун шаан-шөкөт менен сураган.
Sputnik
БИШКЕК, 2-авг. — Sputnik. Афтандил Сабырбеков жана анын агасы Тариэл Сабырбековдун камактагы мөөнөтү 3-октябрга чейин узартылды. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунун маалыматынан белгилүү болду.
Шектүүлөр баңгизат сатууга шектелип, 4-июлда кармалган.
Эске салсак, буга чейин президенттин агасынын кызы Лазат Нуркожоеванын колун шаан-шөкөт менен сураган видео тараган. Анда ӨКМдин учагы колдонулуп, социалдык тармакта кызуу талкуу жараткан. Кийин аталган министрлик түшүндүрмө берип, 21-июнда тик учакты Афтандил Сабырбеков аттуу адам бир саатка ижарага алуу боюнча келишим түзүп, акчасын төлөгөнүн билдирген. Көп өтпөй аталган жаранды жана анын агасын ИИМ баңгизат сатууга шектүү катары кармап, камаган.
Кийин президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов Сабырбеков "крыша" издеп Лазат Нуркожоеванын колун сураган деген тейде билдирүү тараткан.
Садыр Жапаров инисинин кызы Лазат Нуркожоева үчүн кечирим сурады