Футбол боюнча курама команданын гимнине сынак жарыяланды

Sputnik
БИШКЕК, 2-авг. — Sputnik. Футбол боюнча Кыргызстандын курама командасынын гимнине сынак жарыяланды. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзунун соцтармактагы баракчаларына жарыяланды.
Маалыматка ылайык, конкурска композиторлор, акындар катыша алат.
"Сизде кыргыз футболунун тарыхында калуу үчүн уникалдуу мүмкүнчүлүк бар. Жаңы гимндин автору болуп, келечектеги ийгиликтерибизге жана жеңиштерибизге салым кошуңуз", — деп жазылган биримдик тараткан маалыматта.
Даяр иштерди marketing@kfu.kg электрондук дарегине жөнөтүү керек. Сурап-билүү үчүн телефон: +996 (558) 555 537.
КР футболчулары дүйнө чемпионатына тандоонун 3-туруна Жалал-Абадда машыгат