Министрлик кыргызстандыктарды электр энергиясын үнөмдөөгө чакырды

Sputnik
БИШКЕК, 2-авг. — Sputnik. Энергетика министри Таалайбек Ибраев Кыргызстанда электр энергиясын пайдалануу боюнча рекорд жаңырганын айтып, калкты үнөмдөөгө чакырды.
Июль айында суткалык керектөө 40 миллион киловатт-сааттан ашкан. Ибраевдин айтымында, мурда дайыма 32-35 миллион болчу. Өсүш биринчи кезекте кондиционерлерди колдонуу көбөйгөнүнөн улам болууда.

"Мүмкүн болушунча электр энергиясын үнөмдөөнү суранам. Канчалык көп керектесек, ошончолук көп суу кое беребиз (Токтогул суу сактагычынан – ред.). Бирок суу бизге кышкыга керек. Үнөмдөбөсөк кышында көйгөй жаралат", — деди министр маалымат жыйында.

Садыр Жапаров Жалал-Абаддагы Көгарт чакан ГЭСин ишке киргизди. Сүрөт