Олимпиада оюндары — 2024

Олимпиада — 2024: Денис Петрашов уюштуруу начар деңгээлде болгонун айтты

Спортчу биринчи жарыштагы жыйынтыгы күтүүсүз болгонун айтып, муну бассейндин талаптагыдай эместиги менен байланыштырды.
Sputnik
БИШКЕК, 2-авг. — Sputnik. Париждеги олимпиадалык оюндарды өткөрүүдө уюштуруу жана түзүлгөн шарт начар болгонун кыргызстандык спортчу Денис Петрашов айтып берди.
Адегенде эле азык-түлүктөн көйгөй жаралган.
"Атлеттердин жарымы эле келгенде ашканада узун кезек болуп, жегенге тамак калбай калып жатты. Массалык нааразычылыктан кийин, эки күн өткөн соң муну оңдошту. Ошондой эле кондиционер жок, бир вентилятор турду", — деди спортчу журналист Мария Ивановага берген маегинде.
Спортчу биринчи жарыштагы жыйынтыгы күтүүсүз болгонун айтып, муну бассейндин конструкциясына тиешелүү "жай аккан" суу менен байланыштырды.
Олимпиадалык бассейндер адатта 3 метр тереңдикте болот, бирок Парижде суучулдар 2,2 метр тереңдиктеги бассейнде күч сынашкан. Мындай айырма ылдамдыкты азайтып, соңку жыйынтыкка таасирин тийгизет.
Эске салсак, Денис Петрашов сууда сүзүү боюнча 100 жана 200 метр аралыкка брасс стилинде мелдештерге катышкан. 100 метрликте 36 спортчудан 23-орунду ээлеп жарым финалга чыга албай калган. Ал эми 200 метрликте жарым финалдык жарышта 14-орунду ээлеп, кыргыз тарыхында Олимпиадада сууда сүзүү боюнча бул баскычка жеткен жападан жалгыз спортчу болуп калды. Петрашов бүгүн эртең менен өлкөгө кайтып келди.
Олимпиада оюндары — 2024
Париждеги Олимпиаданын ачылышындагы кетирген каталар үчүн кечирим сурашты