Мыйзамсыз курулган объектилерди мыйзамдаштыруу каралууда. Чоо-жайы

Кыргызстан боюнча мыйзамсыз курулган объектилердин саны 225 болсо, анын 78и көп кабаттуу үйлөр экени айтылган.
Sputnik
БИШКЕК, 2-авг. — Sputnik. 2024-жылга чейин курулган объектилерди легалдаштыруу сунушталууда. Тиешелүү демилге коомдук талкууга чыгарылды.
Документти министрлер кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги иштеп чыккан.
"Өзү билемдик менен тургузулган көп кабаттуу үйлөрдүн статусу азыркыга чейин аныкталган эмес. Мындан улам андай тамдардын жашоочуларынын, курулушчулар менен үлүшчүлөрдүн укуктары бузулуп келет. Башкача айтканда, бул имараттар сүрдүрүлүшү керек, аларда адамдар жашап, коммуналдык кызматтарды төлөшөт. Ал эми шаар куруу жана архитектура чөйрөсүндөгү укуктук базада өзү билемдик менен курулган объектилерди мыйзамдаштыруу каралган эмес. Ошол кемчиликти жоюу максатында токтом долбоору даярдалды", — деп жазылган доументтин негиздемесинде.
Мыйзамдаштыруу жол-жобосу курулуш ченемдерине жана эрежелерге ылайык келген 2023-жылдын 31-декабрына чейин тургузулган курулуштарга тиешелүү болору кошумчаланган. Курулушу бүтө элек имараттарды атайын комиссия карап, курулуп жаткан объектилердин реестрине киргизилет жана эреже бузбай курулганы көзөмөлдөнөт.
Төмөндөгү жерлерге түшкөн курулуштар мыйзамдаштырылбайт:
жеке турак үйлөргө;
газ түтүктөрүнүн, жогорку чыңалуудагы электр өткөрүү кабелдеринин жана жылуулук тармактарынын, көрүстөндөрдүн, мал көмүүчү жана таштанды төгүүчү жайлардын коргоо зоналарына, ошондой эле калктуу конуштардын жалпы пайдалануудагы жерлерине курулгандарга;
экологиялык, санитардык-эпидемиологиялык талаптарга жооп бербеген жерлерде тургузулгандарга;
табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдар зонасына кирген жерлерде салынгандарга;
ЮНЕСКОнун бүткүл дүйнөлүк мурас объектилерин коргоо аймагындагы курулуштарга;
сейил бактарда, ботаникалык бакчаларда, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарында курулгандарга;
курулуш ченемдерин жана эрежелерин бузуу менен тургузулган, жарандардын коопсуздугуна жана ден соолугуна коркунуч келтирген, аларды жоюуга болбой турган объектилерге.
Буга чейин Мамлекеттик архитектура-курулуш көзөмөл департаментинен республика боюнча мыйзамсыз курулган объектилердин саны 225ти түзсө, анын 78и көп кабаттуу үйлөр экенин билдиришкен.
Ак-Бууранын жээгиндеги курулуштарга уруксат берген аткаминерлер жазаланат