Креативдүү болгула, инвестор тарткыла. Акылбек Жапаров элчилерге кайрылды

Жапаров инвестицияларды тартуу иштерин активдештирүү, экспорт боюнча иштерди күчөтүү зарылдыгын белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 2-авг. — Sputnik. ТИМдин коллегиясында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров элчилерди инвестиция тартууда жигердүү иш алып барууга чакырды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.
Кабарга ылайык, Жапаров инвестицияларды, жаңы технологияларды тартуу, инновациялык чечимдер боюнча иштерди активдештирүү, ошондой эле кыргыз продукциясынын экспортун күчөтүү зарылдыгын белгиледи.
"Тышкы иштер министрлиги ири инфраструктуралык, энергиянын кайра жаралуучу булактары тармагындагы, айыл чарба продукциясын кайра иштетүү жана сактоо долбоорлоруна, соода-логистикалык комплекстерди курууга, Бишкек, Ош шаарларындагы аэропортторду модернизациялоого каржы табууга аракет кылышы керек", — деди өкмөт башчы.
Жыйындын соңунда Акылбек Жапаров элчилерден инвестиция тартууда активдүү, креативдүү, натыйжалуу иштерди күтөрүн айтты.
Садыр Жапаров Улуттук инвестициялык фонд жөнүндө мыйзамга кол койду