Радио

Мамытов: БРИКС келечекте Бириккен Улуттар Уюмунун ордун басат

Мамлекеттик башкаруу академиясынын жаңы экономика боюнча илим-изилдөө кафедрасынын жетекчиси, экономист Улукман Мамытов Батыш санкцияларынан тажаган өлкөлөр БУУ ишке ашыра албаган иштерди БРИКСтен үмүт этип жатканын айтты.
Sputnik
ШКУ менен БРИКСте үч ири держава: Кытай, Россия жана Индия мүчө болгону үчүн эки уюмдун айырмачылыгын билбей чаташтыргандар бар. Бирок ШКУ ар тараптуу болгону менен көбүрөөк коопсуздук маселелерине басым жасаса, ал эми БРИКС — экономикалык алакаларды алдыга жылдырган уюм. Бул тууралуу Улукман Мамытов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып жасады.
Анын айтымында, дүйнө коомчулугу эл аралык каржы системасы кайда баратканын түшүнүп, БРИКСке мүчө болууну каалаган өлкөлөрдүн саны арбып жатат.
"БРИКС куру саясат эмес, таза экономика менен алектенген, дүйнөгө өзүнүн жаңы каржы системасын сунуштай алган уюм болуп калды. Доллардын күнү бүтүп бара жатканын, БРИКС сунуштаган эл аралык жаңы экономикалык системанын келечегин түшүнгөн мамлекеттер жылдан-жылга көбөйүп, ушул уюмдун мүчөсү болуп калууга дилгирленишүүдө. Алардын ар бири келечектеги жаңы каржы системасынын бир бөлүгү болуп калгылары келишет. Дүйнөлүк банктын соңку маалыматы боюнча, БРИКСтин экономикалык көлөмү дүйнөлүк жалпы экономиканын 36 пайызына жетип калыптыр. Ал эми ошол эле учурда G7нин көрсөткүчү 29 пайызга түшкөн. БРИКСтики өсүп жатса, Улуу Британия, АКШ жана Япония кирген G7нин экономикалык көрсөткүчтөрү түшүп жатат. Мунун өзү БРИКС жакынкы келечекте БУУнун ордун баскан уюм боло аларынан кабар берет", — деди Мамытов.
Ал ошондой эле ШКУ менен БРИКС мыкты союздаш болуу менен иш алып бара берерин кошумчалады.