Айылдагы бир күн. Жүрөккө жылуулук тартуулаган видео

Бададан кайткан уйлар, уулун ээрчиткен ата, көчөдө ойногон балдар — мунун баары Бишкектен алыс эмес Сын-Таш айылынан бир көрүнүш.
Sputnik
Sputnik Кыргызстан шаарлашып кеткен айылдыктардын жүрөгүнө жакын болгон видеону окурмандарга тартуулайт.
Айылда жашоо башкача, баары сонун. Ал тургай убакыт да жай өткөн сыяктуу сезилет. Абасы таза, мелүүн.
Бул айыл — кумурсканын уюгу сымал эртеден кечке чейин кыймылы тынбаган борбор калаа Бишкектен 60 чакырым алыс жайгашкан Сын-Таш (Чүйдүн Ысык-Ата районуна карайт). Үч миңге чукул киши жашайт.