Антонов Вашингтонду өзөктүк чөйрөдө акыл үйрөтүүгө аракет кылганы үчүн жемеледи

Sputnik
БИШКЕК, 2-авг. — Sputnik. АКШ Россия жана Кытайга өзөктүк чөйрөдө өжөрлүк менен акыл үйрөтүүгө аракет кылууда. Бул тууралуу Россиянын Вашингтондогу элчиси Анатолий Антонов айтканын РИА Новости жазды.
"Россиянын өзөктүк чөйрөдөгү жоопкерчиликсиз жүрүм-туруму тууралуу дагы бир каралоону уктук. Алар кайрадан Россияны, ошондой эле Кытайды дагы "туура жүрүм-турумга" үйрөтүүгө аракет кылып жатышат", — деди ал.
Ошондой эле ал антпесе Вашинтон "өзөктүк доордун" келерин айтып, андай болсо АКШ өзөктүк арсеналын көбөйтө турганы менен коркутуп жатканын кошумчалады.
Вашингтон өзөктүк курал боюнча келишимди сактоонун шартын айтты