АКШ өзөктүк курал боюнча кырдаалды кантип чайпады. Аксаган келишим

Учурда өзөктүк курал жана аны ооздуктоо, кооптуулукту азайтуу дүйнөлүк коомчулуктагы көп талкуу жараткан маселелерден. Бул жаатта окурмандарга дүйнөлүк маанидеги документтин аксап калганына Батыштын "кошкон" салымы тууралуу видеону тартуулайбыз.
Sputnik
Эмнеге мындай кырдаал жаралгандыгын РФ ТИМи түшүндүргөн.
"Америкалык тараптын демилгесинин кийин СССР менен АКШнын ортосунда 1987-жылдын 8-декабрында кол коюлган АОАРЖ келишими күчүн жоготкон", — деп билдирген РФ ТИМи.
Документ тарыхта биринчи жолу эки өлкөдөгү жердеги, суудагы бутаны талкалоочу канаттуу жана баллистикалык орточо (1000-5500 ч.) жана жакынкы ( 500дөн 1000 ч. чейин) аралыктагы ракеталарды жок кылууга мүмкүнчүлүк жараткан.
1991-жылдын жай айына карата СССР 1 846 ракеталык комплексти, АКШ 846 түзүмдү жок кылган.
Тилекке каршы, 2010-жылы америкалыктар келишимди бузуп, алыска учуучу "Гера" ракетасын түзгөндөн кийин кырдаал өзгөргөн. 2019-жылдын июлунун башында Владимир Путин аталган келишимден Россия чыга турганын маалымдаган.
"Биз чагылдырган жооп кылабыз", — деп эскерткен Путин макулдашуудан чыгуу чечимин кабыл алып жатып.
Келишимден чыккан учурда дүйнөнүн онго чукул өлкөсү өзүнүн жогорудагыдай куралына ээ болуп калган.
2024-жылдын 28-июлунда Путин Аскердик-деңиз флотунун парадында жакынкы жана орто аралыкка атылуучу ракеталарды иштеп чыгуу аяктоо алдында экенин билдирген.