Кыргызстанда спорттук психологдор жетишпейт — Спортто психологдун иши канчалык маанилүү?

Sputnik
Эл аралык ири мелдештерде спортчулар психологдорго өзгөчө муктаж болушат. Тилекке каршы, Кыргызстанда спорттук психолологдор жетишпейт. Өлкөдө спорттук психологияга кандай көңүл бурулат? Кадр маселеси чечилип жатабы? Кандай учурда спортчу психолог менен иштеши керек? Жогорку жетишкендиктерди багындыруу үчүн психологдун ролу кандай?
Ушул суроолорго жана бул багыттагы көйгөйлөр менен Психолог, психология илимдеринин кандидаты, доцент Маматали Мурзаев пикири менен бөлүштү.