Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00

Sputnik
«Чек талап кылып, байге утуп ал». Салык кызматы жеңүүчүлөрдү аныктайтКыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча курама командасы Парижге жеттиУКМК МАИ кызматкерлеринен туруктуу коррупциялык схеманы аныктаган алдыда кененирээкИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгынын тутумунда туруктуу коррупциялык схема аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен кабарлашты. Маалыматка караганда, туристтик мезгилде жүргүнчүлөрдөн Ысык-Көл ОИИБнин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын жана ИИМдин Бишкек шаары боюнча Патрулдук милиция башкармалыгынын айрым кызмат адамдары системалуу түрдө опузалап акча каражатын талап кылып жүрүшкөндүгү аныкталды.Ошол эле күнү кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланган дагы башка инспекторлор катардан чыгарылып, кармалган. Учурда тергөө иштери уланууда, анын жыйынтыгы боюнча бардык тиешеси бар адамдарды жазык жоопкерчилигине тартуу боюнча чечим кабыл алынары айтылды.
Мамлекеттик салык кызматы кассалык чектерди талап кылуу боюнча кызыктыруучу акциянын акыркы этабы аяктаганын кабарлады. Жакын арада көз карандысыз комиссия акциянын июль айынын акыркы этабынын жыйынтыгын чыгарып,уюлдук телефон жана башка төрт смартфондун ээлерин аныктайт. Акцияга катышуу үчүн контролдук-кассалык чектердин жарандардын жашоосундагы мааниси тууралуу фото же видеороликтерди социалдык тармактагы жеке баракчаларына жайгаштыруу керек болгон. Салык кызматы бардык жарандарды активдүү болууга жана бардык товарларды жана кызматтарды сатып алууда контролдук-кассалык чектерди талап кылууга чакырат.
Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча курама командасы Парижге жетти Эске салсак, күрөш боюнча мелдештер 5-августтан тарта башталат. Спортчуларыбыз мелдешке чыга турган күндөр: ▪️5-август, күрөш — Жоламан Шаршенбеков, Мээрим Жуманазарова ▪️6-август, күрөш — Акжол Махмудов, Үзүр Жузупбеков ▪️7-август, күрөш — Амантур Исмаилов ▪️8-август, күрөш — Бекзат Алмаз уулу ▪️9-август, күрөш — Айсулуу Тыныбекова, Айаал Лазарев ▪️10-август, күрөш — Эрназар Акматалиев, Айпери Медет кызы ▪️11-август, жеңил атлетика — Сардана Трофимова Беттештердин убакыт-саатын "Sputnik Кыргызстан негизги жаңылыктар" телеграм каналынан көрсөңүз болот.
Эл Баткенде үч баласы менен оор турмушта жашап жаткан жалгыз бой энеге үй салып берди Аял күйөөсү каза болгондон кийин тамы жок, оор турмушка кабылган. Анын ден соолугу начар экенин президенттин облустагы өкүлчүлүгү билдирди. Алгач, бул үй-бүлөгө өкмөт Төрт-Гүл айыл өкмөтүнөн 12 сотых жер бөлүп берген. Ал эми "Жакшылык чөйрөсү" коомдук кайрымдуулук фонду үй куруп берүү демилгесин көтөрүп, 1,5 ай ичинде элден, жергиликтүү ишкерлерден 1,5 миллион сом топтогон. Бул суммага жалгыз бой эненин улуу баласы да тапкан акчасын кошкон. Ошентип, көпчүлүктүн күчү менен 3 бөлмөлүү үй бардык шарттары менен курулуп бүттү. ЭМИ ВАЛЮТА КУРСУ МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР Улуттук банктын билдирүүсү боюнча ушул тапта: 1 АКШ доллары 84 сом 30 тыйынга 1 евро 90 сом 94 тыйынга 1 рубль 97 тыйынга Казак тенгеси 17 тыйынга барабар МУНАЙ БААСЫ Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи 92 үлгүсүндөгү бензин 66 сом 90 тыйындан баштап, 68 сом 40 тыйынга чейин, Аи 95 үлгүсүндөгү күйүүчү май 73 сом 90 тыйындан тарта, 75 сом 40 тыйынга чейин, дизель майы 74 сом 80 тыйындан, 75 сом 30 тыйынга дейре, ал эми унаа газынын литри 33 сом 70 тыйындан сатылууда. АБА ЫРАЙЫ3-августка караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. 3-август, ишембиде Күндүз тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, дыйканчылык аймактарда күн ачык болот. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты. Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +32...+37, Талас аймагында +30...+35, Ош, Жалал-Абадда +34...+39, Баткен облусунда +33...+38, Ысык-Көлдө +25...+30 ал эми Нарын жергесинде +28...+33 градус ысык болот. Борбор калаада күндүн табы +35...+37, Ош шаарында +36...+38, Чолпон-Атада +27...+29 градуска чейин көтөрүлөт.