КРде саясий кызматтарда гендердик теңчилик сакталбайт. Себеби?

Sputnik
Учурда бизнесте, мамлекеттик кызматта, гендердик теңчиликте жана үй-бүлөлүк зомбулукта аялдардын укугу көп жерде корголбой жатканын Гүлмира Окоева белгиледи. Спикердин айтымында, учурда саясий кызматтарда да гендердик баланс сакталбай келет. Ошого карабай бүгүнкү күндө аялдардын активдүүлүгү өсүп жатат. Бизнесте да ийгилик жаратууда. Гендердик теңчилик — бул аялдар менен эркектердин укуктарынын тең болуусу. Бүгүн ЖКда 90 депутаттын 20сы аялдар. Бирок бул да квотага жетпейт. Ал эми министрлер кабинетинде 17 мүчө болсо, анын үчөө гана аял. Ошондой эле 69 министрдин орун басарынын 12си гана аял. Ошондой эле муниципиалдык органдарда бир да аким, губернатор аял жок.
Акыркы убакта социалдык маселелер боюнча орун басарлар мурда аялдар болсо, азыр эркектер көп дайындалып калды. Учурда аялдардын лидерлигин колдоо боюнча программа иштелип чыккан.