Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Sputnik
Кыргызстанда жакшы жана начар иштеген мамлекеттик органдар аныкталдыПутин айырбашталган россиялыктарды тосуп алдыКреативдүү болгула, инвестор тарткыла. Акылбек Жапаров элчилерге кайрылдыалдыда кеннеирээкТИМдин коллегиясында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров элчилерди инвестиция тартууда жигердүү иш алып барууга чакырды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти. Кабарга ылайык, Жапаров инвестицияларды, жаңы технологияларды тартуу, инновациялык чечимдер боюнча иштерди активдештирүү, ошондой эле кыргыз продукциясынын экспортун күчөтүү зарылдыгын белгиледи. "Тышкы иштер министрлиги ири инфраструктуралык, энергиянын кайра жаралуучу булактары тармагындагы, айыл чарба продукциясын кайра иштетүү жана сактоо долбоорлоруна, соода-логистикалык комплекстерди курууга, Бишкек, Ош шаарларындагы аэропортторду модернизациялоого каржы табууга аракет кылышы керек", — деди өкмөт башчы. Жыйындын соңунда Акылбек Жапаров элчилерден инвестиция тартууда активдүү, креативдүү, натыйжалуу иштерди күтөрүн айтты.
Министрлер кабинети мамлекеттик органдардын, ошондой эле президенттин аймактардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларынын 2024-жылдын биринчи жарым жылдыгына карата иш планын кандай аткарганына баа берди."эң жакшы" – 7 мамлекеттик орган "жакшы" – 7 (жалпы 8 болчу); "канааттандырарлык" – 3 (жалпы 4 болчу); " канааттандырарлык эмес" – 4 (жалпы 2 болчу). Саламаттык сактоо министрлигинин, Маданият министрлигинин, ошондой эле Талас жана Баткен облустарынын бийлик органдарынын иши "канааттандырарлык эмес" деп табылды. Кийинки баалоо 2024-жылдын жыйынтыгы боюнча декабрь айында жүргүзүлөт.
Россиянын Оштогу илим жана маданият борборунун кызматкерлери 99 жаштагы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Касымбай Жолдошевге барып учурашып, белектерин тапшырып кайтышты. Маалыматка ылайык, Жолдошев — Ош шаарындагы согуштун жалгыз ардагери. Аксакалдын 16 небереси, 51 чөбөрөсү бар.Аксакал келгендер менен сүйлөшүп отурганда купуя бир кыялы бар экенин айтып берген. "Ардагер Москвага барып, Кызыл аянтта Улуу Ата Мекендик согуштун 80 жылдыгына карата уюштурулган Жеңиш парадына катышуу тилеги бар экенин айтты. Бул кыялы орундалат деп ишенип туралы!" — деп жазылган маалыматта. Россиянын Оштогу илим жана маданият борборунун жетекчиси Дмитрий Аврам ардагерге ден соолук, күч-кубат каалап, эмдиги жылы 100 жылдык юбилейин жана Жеңиштин 80 жылдыгын тосуп алышын тиледи.
РФ президенти Владимир Путин камалгандарды алмашуу иштеринен кийин Москвага кайтып келген россиялыктарды "Внуково-2" аэропортунан тосуп алды. Бул туурасына РИА Новости жазды. "Биринчи иретте Мекениңерге кайтып келишиңер менен куттуктайм",— деген президент. Мамлекет башчы аскердик милдетин абийирдүүлүк менен аткаргандарга ыраазылык билдирип, мамлекеттик сыйлыкка көрсөтүлөрүн айтты. Кечээ ФСБ НАТОнун айрым мамлекеттеринде абакта жаткан сегиз россиялык мекенине кайтарылганын билдирген. Маалымат булактар алардын алтоо чоң кишилер болсо, экөө жаш балдар экенин билдиришкен.