Айдоочулук күбөлүк алуу татаалдашты - Жол кырсыктары азайдыбы?

Sputnik
Буга чейин Кыргызстанда айдоочулук күбөлүк алуу үчүн сынакты тапшыра албагандар жыл сайын көбөйүп жатканы кабарланган. Статистикалык маалыматка ылайык, өткөн жылы курсанттардын 12 пайызы гана сынактан өткөн. 2022-жылы абитуриенттердин жалпы санынын 18,68 пайызы, 2021-жылы 28,06 пайызы, 2020-жылы 39,86 пайызы, 2019-жылы 29,88 пайызы тесттен өткөн. Учурда айдоочулук күбөлүк берүү иштери кандай жүрүүдө? Эмнеге сынактан кулап калган адамдар көп болуп жатат?
Коррупцияга каршы күрөш кандай жыйынтык берди? Ушул жана башка суроолорго Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча Мамлекеттик агенттиктин айдоочулук курамды каттоо бөлүмүнүн башчысы Бактыбек Жунусов жооп берди.