Ысык-Көлдөгү лагерлерде орус тили боюнча элчилер иштеп жатат. Сүрөт

Программа 18-августта аяктайт. Аны Россиянын Илим жана жогорку билим берүү министрлигинин колдоосу менен А.С.Пушкин атындагы мамлекеттик орус тили институту уюштурган.
Sputnik
БИШКЕК, 1-авг. — Sputnik. Россиянын Кыргызстандагы элчилиги "Орус тилинин дүйнөдөгү элчилери" эл аралык билим берүү программасынын ыктыярчылык иши тууралуу айтып берди.
Элчилер Ысык-Көлдүн жээгиндеги "Жалын" жана "Барчын" аттуу балдардын ден соолукту чыңдоо лагерлеринде ишин баштады. Алар балдарды кол өнөрчүлүк, орус элдик бийлери менен тааныштырып, кашык менен ойногонду үйрөтүштү.
1 / 3

Россиянын Кыргызстандагы элчилиги "Орус тилинин дүйнөдөгү элчилери" эл аралык билим берүү программасынын ыктыярчылык иши тууралуу айтып берди

2 / 3

Элчилер Ысык-Көлдүн жээгиндеги "Жалын" жана "Барчын" аттуу балдардын ден соолукту чыңдоо лагерлеринде ишин баштады

3 / 3

Алар балдарды кол өнөрчүлүк, орус элдик бийлери менен тааныштырып, кашык менен ойногонду үйрөтүштү

"Кыргызстанда бизди жылуу тосуп алышты. Жаратылыштын кооздугу суктандырат. Сабактар башталды, балдар ырахаттанып окуп, өз маданияты тууралуу айтып берип жатышат", — деди ыктыярчы Наталья Семёнова.
Орус тилинин элчилери "Сенин досторуң Жер планетасында" аттуу онлайн-жолугушууга катышты. Россия, Беларусь, Кыргызстан жана Абхазиядан келген мугалимдер жана балдар лагерлеринин директорлору үй-бүлөнүн ролун жана достуктун маанилүүлүгүн талкуулашты.
"Биздин программа дүйнөнүн булуң-бурчунан келген адамдарга бири-биринин маданиятын үйрөнүүгө, тил табышууга жана улуттук өзгөчөлүктөрдү билүүгө жардам берет", — деди "Орус тилинин дүйнөдөгү элчилери" программасынын жетекчиси Светлана Ульянова.
Программа 18-августта аяктайт. Аны Россиянын Илим жана жогорку билим берүү министрлигинин колдоосу менен А.С.Пушкин атындагы мамлекеттик орус тили институту уюштурган.
“Орто Азия романсиадасы” сынагы жарыяланды. Убакыт-шарты