ТИМ кыргызстандыктарды Израиль менен Ливанга баруудан баш тартууга чакырды

Кыргызстандыктар элчиликтер менен байланышып, жардам же кеңеш алса болот.
Sputnik
БИШКЕК, 1-авг. — Sputnik. Тышкы иштер министрлиги кыргызстандыктарга Израилге жана Ливанга баруудан баш тартууну сунуштайт.
Буга Жакынкы Чыгыштагы кырдаалдын курчушу себеп болууда.
Ал эми Израиль жана Ливанда туруктуу жашаган Кыргызстандын жарандары аймактагы абал турукташканга чейин өздөрүнүн коопсуздук чараларын сакташы керек.
Ошондой эле шашылыш байланыш үчүн ишеним телефондору бар:
Кувейттеги элчилик — +96525359951;
Түркиядагы элчилик — +905456896800;
КР ТИМинин консулдук департаменти — +996999312002.
Кыргызстандыктар бул номерлер аркылуу жардам же кеңеш алса болот.
Бейруттун түштүк четиндеги райондор шейшембиде Израилдин аба соккусуна кабылды. Анын кесепетинен кеминде төрт киши каза таап, 74ү жарадар болгон. Израилдин Коргоо күчтөрү (ЦАХАЛ) 12 баланын өмүрүн алган кол салууга жооптуу болгон Хезболланын улук командири Фуад Шукрди жок кылуу үчүн чабуул жасалганын билдирди.
Араб басылмаларынын маалыматына караганда, Шукр "Хезболланын" баш катчысы Хасан Насрулланын башкы аскердик кеңешчиси болуп иштеген.
Израиль-Ливан чек арасындагы кырдаал 2023-жылдын октябрында Израилдин Газа тилкесиндеги аскердик операцияларынан кийин курчуп кеткен. Израиль армиясы менен ливандык "Хезболланын" согушкерлери чек арага жакын аймактарда күн сайын бири-биринин позицияларын аткылашат. Ливандын Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, түштүктө 100 миңге жакын адам үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болгон. Израиль тарап өлкөнүн түндүгүндөгү 80 миңдей жашоочу ушундай абалга туш болгонун билдирди.
Ханиянын өлүмү: Ирандын башкы лидери Израилге сокку урууга буйрук кылды