Жамгыр жаап, сел жүрөт! ӨКМ шашылыш билдирүү таратты

Дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.
Sputnik
БИШКЕК, 1-авг. — Sputnik. ӨКМ шашылыш билдирүү таратып, сел жүрүшү ыктымал экенин эскертти.
Маалыматка ылайык, 2-августтан 3-августка чейин абанын температурасынын жогорулашына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Чүй, Ысык-Көл, Нарын, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн. Дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.
Министрлик төмөндөгү эрежелерди сактоого чакырды:
арыктарды тазалап, жээгин бекемдеңиз жана таштанды таштабаңыз;
турак үй жайгашкан жерде жаан суулары агып өтүүгө ылайыкталган арыктын болушун камсыздаңыз;
үй же сарай салууда, эгин айдоодо сел жүрүү кооптуулугу бар тилкелерден алыс жайгашканына өзгөчө көңүл буруңуз;
сел учурунда дароо коопсуз жайга кетиңиз;
мүмкүнчүлүк болсо үйдөгү свет, суу, газды өчүрүп чыгыңыз.
ӨКМ: жырылып кетүү кооптуулугу бар көлдөр тыкыр көзөмөлдөнүүдө