Карыз сурап, шантаж кылат. Милиция телефон алдамчылыгынан сак болууну эскертти

Sputnik
БИШКЕК, 1-авг. — Sputnik. Соңку убакта Кыргызстанда киберкылмыштуулук өсүп, социалдык тармактагы аккаунттарды бузуп кирип, досторунан карыз сурагандар, шантаж кылгандар көбөйүүдө. Бул тууралуу Талас облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.
Маалыматта алдамчылар аккаунттарга киргенден кийин жабырлануучунун жакын адамдарынан, досторунан карыз сурап, кишинин жүзүн уяттуу видеолорго коюп монтаждап, шантаж кылууга барган учурлар көп экени айтылат.
Милиция мындан улам кыргызстандыктарды шылуундардан сак болууга чакырууда.
"Жакын адамыңыздан же бейтааныш номерден күтүүсүз SMS келсе эмоцияга алдырбай окуянын чын-төгүнүн тактап көрүңүз. Оңой акча капканда гана болорун эстен чыгарбаңыз", — деп эскертишти Талас ОИИБинен.
Радио
Аттокуров: телефон алдамчылыгына кабылгандардын көбү — бишкектиктер