Көлдө 35 жаштагы адам сууга чөгүп, ооруканада көз жумду

Sputnik
БИШКЕК, 1-авг. — Sputnik. Ысык-Көл райондук ооруканасынын кайра жандандыруу бөлүмүндө сууга чөгүп, оор абалда Чок-Тал айылынан алып келинген жаран каза болду. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Милицияга 31-июлда сууга чөккөн адам медициналык жайга саат 20:06 чамасында жеткирилгени тууралуу айтышкан.
Тиешелүү текшерүү иштери жүргүзүлүп, ал Чок-Тал айылынын 35 жаштагы тургуну экени аныкталган. Дарыгерлер анын өмүрүн сактап калуу үчүн күрөшкөнүнө карабай, ал болжол менен бир сааттан кийин, тагыраагы, 21:10до кайтыш болгон.
Милициядан соттук-медициналык экспертиза дайындалганын айтышты. Ал арада жергиликтүү ЖМКлар жигиттин гидроциклден (скутерден) кулаганын жазышууда.
Ысык-Көлдөгү пансионатка конгон тик учак. Чуу жараткан видеонун чоо-жайы