УКМК: Кара-Көл шаардык кеңештин депутаты жана төрагасы коррупцияга шектелип кармалды

УКМКдан депутат элдин маселесин көтөрөм деген болуп, иш жүзүндө пара талап кылуу менен алектенгенин белгилешти.
Sputnik
БИШКЕК, 1-авг. — Sputnik. УКМК Кара-Көл шаардык кеңешинин депутаты жана төрагасы пара талап кылып кармалышканын билдиришти.
Маалыматта депутат "Капчыгай" кафесинин мурдагы ээсинен пара талап кылып жаткан жеринен колго түшкөнү айтылат.
"Шектүү К.Б.Н. шаардык кеңештин төрагасы аркылуу 500 миң сом акча талап кылган. Ал акчаны Кара-Көл шаарынын мэриясынын 2024-жылга карата бюджетине "Капчыгай" кафесин муниципалдык менчикке сатып алууну киргизүү жөнүндө чечим кабыл алуу үчүн сураган", — деп айтылат маалыматта.
Учурда шаардык кеңештин депутаты жана төрагасы УКМКнын тергөө абагына киргизилди.
Ошондой эле УКМКдан аталган депутат элдин маселесин көтөрүмүш болуп, иш жүзүндө пара талап кылуу менен алектенгенин белгилешти. Андан тышкары, жергиликтүү бийликтин ишине бут тосуп, коомдук кызыкчылыкка зыян келтиргени кошумчаланды.
Кеминде чет өлкөдө жүргөндөрдү "окуткан" автомектеп аныкталды