Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда коррупция аныкталды. Видео

Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун нейрохирургия бөлүмүнүн башчысы бейтаптардан ситемалуу түрдө акча алып жүргөнү айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 1-авг. — Sputnik. Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда системалуу түрдө опузалап акча талап кылуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, аталган борбордун нейрохирургия бөлүмүнүн башчысы кармалган.
"Улуттук борбордун нейрохирургия бөлүмүнүн башчысы К.Б. бейтаптардын ата-энелеринен системалуу түрдө 2 миң сомдон 30 миң сомго чейин акча чогултуп жүргөн. Шектүү УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди", — деп айтылат маалыматта.
Учурда бул ишке тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча иш-чаралар уланып жатканы кошумчаланды.
Кара-Суунун акими мыйзамсыз жер берди деп шектелүүдө