Транспорт каражаттарын милдеттүү техникалык кароодон өткөрүү сунушталды

Сунуш кабыл алынса 1,2 миллиондой автоунааны милдеттүү техникалык кароодон өткөрүүгө туура келет.
Sputnik
БИШКЕК, 1-авг. — Sputnik. Транспорт каражаттарын милдеттүү техникалык кароодон өткөрүү өнөктүгүн кайтаруу сунушталды. Тиешелүү токтомду Экономика жана коммерция министрлиги демилгелеп, коомдук талкууга чыгарды.
"Учурда жүргүнчү жана жүк ташыган унаалар, тез жардам, өрт өчүргүч сыяктуу бир катар (юридикалык жактарга таандык) транспорттор мезгил-мезгили менен милдеттүү түрдө техникалык кароодон өтөт. Калгандары бул талапты ыктыярдуу түрдө аткара алат", — деп жазылган негиздемеде.
Маалыматка ылайык, өлкөдө 1,6 миллиондон ашык унаа катталып, алардын ичинен үч жылдан аз пайдаланылгандарына бул процедура талап кылынбайт. Мындан тышкары, 300 миңден ашык автокөлүк катталганы менен бузулганына байланыштуу колдонулбайт. Натыйжада 1,2 миллиондой автоунааны милдеттүү техникалык кароодон өткөрүүгө туура келет.
Техникалык кароону 3-7 жыл пайдаланылган автоунаалар эки жылда бир, андан ашык колдонулгандар жыл сайын жүргүзүшү керек. Бул өнөктүктү 2027-жылга чейин этап-этабы менен киргизүү сунушталууда.
Мындай чара Бишкек жана Оштогу экологиялык абалды, өлкөдөгү жол коопсуздугун жакшыртууга өбөлгө түзөт.
Техникалык кароо 2012-жылы алынгандан кийин текшерүүдөн милдеттүү өтө турган автоунаалардын (жүк ташуучу автоунаа, кичи автобустар, автобустар) тизмеси бекитилген. Акыркы мезгилдери бул эрежеге кайтып келүү маселеси байма-бай көтөрүлө баштаган. Алсак, 2020-2024-жылдарда автомобиль транспортун өнүктүрүүнүн концепциясында да техникалык кароону милдеттүү түрдө кайра киргизүү ниети жазылган.
Бишкектеги жолдордо коомдук транспорттор үчүн сызыктар кийинчерээк кайра чийилет