77 жаштагы карыя Оштон Астанага чейин велосипед менен барууга белсенди

IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына велосипед менен барган карыя бул жакшы салтты улантууда.
Sputnik
БИШКЕК, 1-авг. — Sputnik. Ош шаарынын 77 жаштагы тургуну Мамыт Таштанов Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышуу үчүн велосипед менен Астанага чыкты. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан билдиришти.
1 / 3

Ош шаарынын 77 жаштагы тургуну Мамыт Таштанов Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышуу үчүн велосипед менен Астанага чыкты.

2 / 3

Аны узатуу аземине Ош облусунун жана шаарынын бийлик өкүлдөрү катышып, мэрия тарабынан акчалай жардам көрсөтүлгөн.

3 / 3

Мамыт Таштанов жалпы 2 016 чакырым жолду түрк тилдүү элдердин достугун бекемдөө максатында басып өтөт.

Маалыматка ылайык, аны узатуу аземине Ош облусунун жана шаарынын бийлик өкүлдөрү катышып, мэрия тарабынан акчалай жардам көрсөтүлгөн.
"Мамыт Таштанов жалпы 2 016 чакырым жолду түрк тилдүү элдердин достугун бекемдөө максатында басып өтөт. Ал 2022-жылы Түркиянын Изник шаарында өткөн IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына да велосипед менен барган", — деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, быйыл V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 8-13-сентябрда Казакстандын Астана шаарында өтөт. Мелдештерге 85 өлкөдөн 21 спорттун түрү боюнча 2000ден ашык спортчу катышары болжолдонууда.
Көчмөндөр оюндарына бара турган улакчылар белгилүү болду. Тизме