Олимпиада оюндары — 2024

Олимпиада — 2024: боксчу Мунарбек Сейитбек уулу чейрек финалга чыкты

Sputnik
БИШКЕК, 1-авг. — Sputnik. Париждеги Олимпиадада боксчу Мунарбек Сейитбек уулу алгачкы беттешин жеңип, чейрек финалга чыкты.
Ал 57 килограмм салмакта кубалык Сайдель Иван Орта Родригес дель Рей менен беттешти. Үч раунддан кийин калыстар жеңишти кыргызстандык спортчуга ыйгарды.

"Буюрса кийинки беттештерди утуп, өлкөгө жеңиш менен баруу ниетим бар", — деди ал беттештен кийин колдоо үчүн ыраазычылык билдирип жатып.

Сейитбек уулунун кийинки беттеши 3-августтан 4-августка караган түндө америкалык Жамал Харви менен болот.
Олимпиада оюндары — 2024
Олимпиада: дзюдочу Эрлан Шеров чейрек финалга чыгуу үчүн беттеште жеңилип калды