БИШКЕК, 1-авг. — Sputnik. Жергиликтүү кеңештердеги мандаттардын санын көбөйтүү сунушталды. Тиешелүү мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин сайтына коомдук талкууга чыгарылды.
Демилгечи депутат Марлен Маматалиев административдик-аймактык реформадан кийин айыл, шаарларда калктын саны өзгөргөнүн, жергиликтүү депутаттар дагы ошого жараша болушу керектигин белгилеген.
Мыйзам долбоорунда төмөндөгүлөр сунушталган:
Бишкек, Ош шаарларынын кеңештери:
500 миңге чейин — 45 депутат, андан ашса 51 депутат;
шаардык жана айылдык кеңештер:
6000ге чейин — 11 депутат, андан ашса 21 депутат;
20 миңден ашса — 31 депутат;
70 миңден ашса — 41 депутат.
Эске салсак, өлкө башчы Садыр Жапаров "Административдик-аймактык реформанын алкагында айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзамга кол койду. Ага ылайык, жергиликтүү кеңештер таркатылат.