Филиппинде баңги топ менен байланышта деген кыргызстандык аял кармалды

Шектүү депортацияланганга чейин Тагиг шаарындагы Багонг Дива лагеринде кармалып турары белгиленди.
Sputnik
БИШКЕК, 1-авг. — Sputnik. Филиппинде африкалык баңги топ менен байланышы бар деп кыргызстандык аял кармалды. Бул тууралуу аталган өлкөнүн иммиграция бюросунун сайтында кабарланган.
Маалыматка ылайык, шектүүнүн өлкөдө жүрүүгө алган уруксатынын мөөнөтү өтүп кеткен. Ал депортацияланганга чейин Тагиг шаарындагы Багонг Дива лагеринде кармалып турары белгиленди.
"29 жаштагы А.Р. 20-июнда кармалган батыш африкалык баңги топко байланышы бар деген шек менен 23-июлда Макати шаарында кармалган", —деп айтылат маалыматта.
Белгиленгендей, аталган жаранга 2023-жылы Филиппинден күч менен чыгаруу жана аны "кара тизмеге" киргизүү чечими кабыл алынган. Бирок кыргызстандык 2018-жылы 4-октябрда өлкөгө кирген боюнча чыкпай койгон. Визаны мыйзамдуу жол менен узартуу үчүн да кайрылган эмес.
Петербургда Кыргызстан менен РФтин акыйкатчылары мигранттардын көйгөйлөрүн укту