БИШКЕК, 1-авг. — Sputnik. Түндө Бишкектеги көңүл ачуучу клубдардын биринде мушташ чыкты. Бул тууралуу Биринчи май райондук милициясынан билдиришти.
Окуянын видеосу да тараган. Анда жарым жылаңач киши жерде жаткан адамды аёосуз сабап жатканын көрүүгө болот.
Маалыматка ылайык, бул боюнча билдирүү 102 кызматына саат 2:37лер чамасында түшкөн.
"Милиция окуя болгон жерге барып, мушташкандарды бөлүмгө алып келген. Сурактан кийин кое берилди. Тергөөнүн жыйынтыгы менен мушташкандардын кылыгына юридикалык баа берилет", — деп айтылат маалыматта.
Мушташ Бишкектеги соода борборундагы түнкү клубдардын биринде чыккан.