Радио

Археолог: кыргыздар көчмөн калк болбогонун далилдеген фактылар табылды

Археолог, тарых илимдеринин доктору, профессор Кубатбек Табалдиев кыргыздардын көчмөн турмуштан сырткары отурукташкан чарба жүргүзгөнүн аныктаган казуулар чыкканын айтты.
Sputnik
Соңку жылдары Кочкор районунда казуу иштерин жүргүзүп келем. Бул узун-туурасы жана тереңи үч метрден болгон аянттагы казуулар мындан 30 жыл мурда башталган эле. Ушул жерден биз кыргыздардын дыйканчылык чарбасын жүргүзгөнүн аныктаган казууларга туш болдук. Бул маалыматты Кубатбек Табалдиев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, табылгалар б.з.ч. 800-900-жылдарга таандык буудайлар болгон.
"Биз тарыхыбызды XVII – XVIII-XIX кылымдарга эле байлап, ата-тегибиз көчмөн болгон дей берет экенбиз. Бирок археологиялык казуулар б.з.ч. 800-900-жылдарда эле кыргыздар дан эгип, отурукташкан чарба жүргүзгөнүн биздин Чаптагы, Тосордогу изилдөөлөрүбүз далилдеди. Бул жерлерден ушул доорго таандык күйүп, бадырак болуп калган жүздөгөн буудайларды таптык. Аны радиоуглероддук анализ жүргүзүп, флотациялап (археологиялык табылгалардын күлүн сууга салып иликтөө жүргүзүүчү ыкма — ред.) аныктадык. Улам тереңдеп казып отурган сайын дандардын саны азайып отуруп, үч метр тереңдиктен мындан 2 400 жыл мурда айдалган арпа табылды. Чүйдүн Кара-Жыгач айылынан да ушундай эле табылгалар чыкты. Анда буурчак даны, жүзүм, буудай, арпа жана шабдалы, дарбыз данектерин таптык. Алар мындан 1000 жыл мурдагы заманга таандык. Мындан сырткары, дан, чөп-чарды ашканада майдалаган буюмдар чыгат. Мунун баары байыркы кыргыздар бир эле көчмөн жашоо эмес, жай турмушта дан өстүрүп, аштык айдап чарбачылык да жасаганын далилдейт", — деди Табалдиев.
Ал муну менен катар эле ошол доорлордо кол өнөрчүлүк да мыкты колго алынганын кошумчалады.