ФСБ: Россия менен Батыш өлкөлөрү камалгандарды алмашты

Бир нече россиялык "чет мамлекеттердин кызыкчылыгын көздөп иш алып баруу менен РФтин коопсуздугуна коркунуч туудурган адамдарга" алмашылганы кабарланды.
Sputnik
БИШКЕК, 1-авг. — Sputnik. НАТОнун айрым мамлекеттеринде абакта жаткан сегиз россиялык мекенине кайтарылды. Бул тууралуу РИА Новости Федералдык коопсуздук кызматына шилтеме берип жазды.
Мекеме аларды кайтаруу компетенттүү мамлекеттик органдардын жана чет өлкөлүк өнөктөштөрдүн пландуу ишинин натыйжасында болгонун белгилеген.
"Мекенине кайтып келген россиялыктар, анын ичинде балдар чет мамлекеттердин кызыкчылыгын көздөп иш алып баруу менен Россиянын коопсуздугуна коркунуч туудурган адамдарга алмашылды", — деп айтылат маалыматта.
РИА Новостиге "Россиянын компетенттүү ведомстволорунун бириндеги" ишенимдүү адам Россия бул процесске толугу менен канааттанганын айткан.
Анын айтымында, узак мөөнөткө, анын ичинде өмүр бою соттолгондордун жоон тобу кайтып келди. Алар Россиянын чалгындоо органдары менен кызматташкан деп айыпталып, күнөөсүн мойнуна албай келишкен. Кайтып келгендер медициналык текшерүүдөн толугу менен өтөрү айтылды.
Ал арада Кремль президент Владимир Путин Россиядан алмашкан чет элдиктерге ырайым кылуу тууралуу жарлыктарга кол койгонун билдирди.
Россиянын компетенттүү органындагы маалымат булагы НАТО өлкөлөрүндө камакта болуп, алмашылып, мекенине кайтып келген россиялыктардын ысымдарын атады.
"Алар: НАТО өлкөлөрүндө камакта болгон Артем Дульцев, Анна Дульцева, Павел Рубцов, Вадим Конощёнок, Михаил Микушин, Роман Селезнев, жашы жете элек эки бала", — деген ал.
Буга чейин Москва Вашингтонго жана Батыш өлкөлөрүнө Эван Гершкович менен Пол Уиланды, мамлекеттик чыккынчылыкка шектелген Владимир Кара-Мурзаны*, РФтин Куралдуу күчтөрү боюнча фейкке күнөөлөнгөн Алсу Курмашеваны*, Илья Яшинди* берери айтылган.
* РФте чет элдик агент деп таанылган
ЖККУ коопсуздук системасы боюнча НАТОго диалог сунуштап көргөн