Таасири жок, кооптуу. Батыштын Киевге берген F-16 истребителдери тууралуу

Telegraph басылмасы украиналыктар жардамга жөнөтүлгөн F-16 менен учуп көрүшкөнүн жазган.
Sputnik
БИШКЕК, 1-авг. — Sputnik. Батыш мамлекеттери Украинада пилоттор жетишпегендиктен Киевге F-16 истребителдерин тиешелүү санда бере албайт. РИА Новости бул туурасында New York Post басылмасына таянып жазды.
"Учурда украиналык пилоттор жетишпегендиктен согушуп жаткан өлкөгө жөнөтүлчү F-16 истребителдерин берүү чектелип жатат", — деп айтылган маалыматта.
Киевдин союздаштары аталган согуш учактарын айтылган убактысында бергени менен украиналык пилоттор техниканын кабинасына отуруп согушка кире алабы, же аларды кошумча окутууга туура келеби же жокпу, азырынча белгисиз деп айтылган материалда.
Макалада Батыштын саясатчылары F-16 кармаштын жүрүшүнүн өзгөрүшүнө таасирин тийгизе деле албастыгын эскертишкени айтылган.
Мурдараак Bloomberg агенттиги кырдаалдан кабары бар маалымат булагына таянып, НАТОнун өлкөлөрү берген бир канча америкалык F-16 Украинага жеткирилгенин билдирген.
Ал арада коомчулук, эксперттер от менен ойнобош керектигин, бул кырдаалдын өзгөчө коркунуч жаратарын айтып жатышат.
"Кооптуулугу туурасында айтсак, биринчи иретте, алар өзөктүк, тогуз өзгөчө механизми бар куралды ташып жүрүшү мүмкүн. Бул коркунучтуу. Вашингтон менен бир учурда эле F-16 ар кыл куралдар менен жабдылат деген чечим кабыл алынган. Бул жакын арага барып тие турган ракеталар, анын ичинде абадагы кол салуудан коргогон система гана эмес, биздин аймактын түпкүрүнө чейин жетиши мүмкүн болгон ракеталар", — деди Севастополдогу КМШ өлкөлөрү институтунун аткаруучу директору, 1-рангадагы, запастагы капитан Сергей Горбачев.
Telegraph басылмасы украиналыктар жардамге жөнөтүлгөн F-16 менен биринчи ирет учуп көрүшктөнүн жана аларды абадан кол салуудан коргонуучу каражат катары пайдаланышкандыгын жазган.
РФ ТИМ башчысы Сергей Лавров РИА Новостиге берген интервьюсунда F-16лардын Украинага берилиши НАТОнун өзөктүк куралдар жаатындагы билип жасаган белгиси катары караларын, бул учактар Украина армиясынын башка куралдары катары эле жок кылынарын айткан эле.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Эксперт: Украинага F-16ларды берүү согуштагы абалды өзгөртүп деле жибербейт