2-августка карата аба ырайы

2-августта күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу тоолуу райондордо сел жүрүп, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү ыктымал. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 1-авг. — Sputnik. Жума күнү өлкөнүн көпчүлүк аймактарында өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Кээ бир райондордо жамгыр катуу жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй облусунда +33…+38, Талас өрөөнүндө +30…+35, Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында +33…+38, Ысык-Көл жергесинде +25…+30, Нарында +24…+29 градус ысык болот.
Бишкекте жаан-чачын болбойт. Күндүн табы +35...+37, Ош шаарында +36...+38, Чолпон-Атада +25...+27 градуска көтөрүлөт.
Жамгыр жаап, сел жүрөт! ӨКМ шашылыш билдирүү таратты