Көйгөй жараткан алтыгананы пайдалуу пайдалануу планы

Sputnik
Суусамыр өрөөнүндөгү алтыгана бадалына байланыштуу көйгөйдү чечүү багытында активдүү аракеттер башталды. Маселе министрлер кабинетинин төрагасынын деңгээлинде каралып, атайын жыйындар өттү. Ошондой эле Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев башында турган топ, атайын адистердин коштоосунда Суусамыр өрөөнүндө көчмө жыйын өткөрүштү.
Анын жыйынтыгы, сунушталган ыкмалар ушул жана башка иштер тууралуу Жаратылыш ресурстары экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин биоресурстары башкармалыгынын өсүмдүктөр дүйнөсү бөлүмүнүн башчысы Бакыт Чороев жана Суу ресурстары айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин Асыл тукум, мал чарба жайыт жана тоют департаментинин жайыттарды башкаруу, жакшыртуу жана пайдалануу бөлүмүнүн башчысы Нурлан Абатбеков айтып берди.