Кыргызстанда техникалык кесипке кызыгуу жогорулады — инженер-маркшейдерлер, металлургдар кантип даярдалат?

Sputnik
Кыргызстанга кирген түз инвестициялардын көбү тоо-кен тармагына тиешелүү. Акыркы учурларда бул багытта көп иштер жасала баштады. Бирок кадр маселеси кандай чечилип жатат? Кыргызстандагы тоо-кен тармагындагы абал кандай? Кыргыз тоо-кен металлургиялык институту кайсы адистиктерди окутуп жатат? Кайсы багыттагы адистер жетишпейт?
Үсөнгазы Асаналиев атындагы Кыргыз тоо-кен металлургиялык институтунун директору, техника илимдеринин доктору, профессор Арстанбек Абдиев өлкөнүн тоо-кен тармагындагы билим берүү, илимий изилдөө тууралуу айтты.