Мурда экономикалык өсүш Кумтөрдөн көз каранды болчу. Ал эми азыр ансыз деле өнүгүү болуп жатат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди. Анын төрагалыгы алдында президенттик аппараттын коллегиясынын жыйыны өттү. Жапаров өлкөнүн акыркы үч жылдагы жана 2024-жылдын биринчи жарым жылдыгындагы бир катар жетишкендиктери тууралуу кыскача баяндама жасады. Ал өлкөдөгү азыркы абал экономиканын өнүгүшүнө ыңгайлуу шарттарды түзүп жатканын айтып, бул мүмкүнчүлүктү пайдалануу зарылдыгын белгиледи. Анын айтымында, Кумтөрдү эсепке албаганда улуттук экономиканын өсүү темпи 9,9 пайызды түздү.
1-августтан баштап Бишкек – Балыкчы — Бишкек поездинин курамына VIP-купе вагону киргизилет. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" ишканасынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Вагондун ичинде алты купе бар. Алардын ар биринде жумшак дивандар, кенен стол, панорамалык терезелер, электрондук түзүлүштөрдү кубаттоо үчүн USB, аудио жана стереосистема орнотулган. Абаны муздатуу системасы да каралган. Ички жасалгасы улуттук стилде кооздолгон. Вагон топтордон турган жүргүнчүлөрдүн купеде жүрүүсүнө ылайыкталган.Эске салсак, Бишкектен Ысык-Көлгө чейин VIP-вагондор аркылуу каттоого болот. 31-августка чейин каттамдар күн сайын жүргүзүлөрү айтылган.
Кыргызстан менен Сауд Арабия өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу боюнча кызматташат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.Маалыматка ылайык, кечээ министр Бообек Ажикеев Сауд Арабиянын Жарандык коргонуу мекемесинин башкы директору Хаммуд Сулейман Альфарадж баштаган атайы делегация менен жолуккан. "Анда жарандык коргонуу, табигый кырсыктарды алдын алуу жана кесепеттерин жоюу жаатында кызматташуу талкууланып, 2019-жылы Эр-Риядда кол коюлган меморандумдун негизинде кызматташуунун багытын аныктаган жол карта түзүлдү. Документте Сауд Арабиядагы окуу борборлорунда Кыргызстандын куткаруучуларын, өрт өчүрүүчүлөрүн жана суучулдарын даярдоо каралган", — деп жазылат билдирүүдө. Жолугушуунун соңунда аталган жол картага кол коюлган.
Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоган Париждеги Олимпиада оюндарынын ачылыш аземине небересинин суранычы боюнча барбай койгонун айткан. Бул тууралуу РИА Новости жазды. Анын айтымында, Франциянын президенти Эммануэль Макрондун чакыруусу ага келген. "Макрон Олимпиадага чакырган, буюрса барам дегем. 13 жаштагы неберем "чоң ата, ал жакка барба" деп калды. Эмнеге десем ЛГБТ* пропаганда болорун айтып, Instagram соцтармагынан видео көрсөттү. Небереме барбай турганымды айттым", — деген Эрдоган. Ошондой эле ал биринчи мүмкүнчүлүк болгондо Рим папасына чалып, бул "маскара" боюнча сын-пикирин айтарын билдирди. Анын айтымында, бул көрүнүш христиандарды эле эмес, мусулмандарды дагы мазактоо болуп саналат, ал эми сынды кабыл албаган Батыш дүйнөсүн ЛГБТ-лобби басып алды. Эрдоган ЛГБТны пропагандалап, бирок хиджап кийген спортчулардын катышуусуна тыюу салгандарды да сындады.