Радио

Дарыгер көк жөтөлдүн негизги белгилерин атады

Жогорку категориядагы пульмонолог Бермет Естебесова жөтөл күчөп убактысы эки жумадан ашып баратса дарыгерге кайрылуу зарылдыгын айтты.
Sputnik
Жай мезгилинде да көк жөтөлгө чалдыккандар болот. Бул жугуштуу дарт менен ооругандар убагында дарыланбаса өмүрүнө коркунуч келиши ыктымал. Мындай пикирин Бермет Естебесова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, көк жөтөл оорулуудан жөтөлгөндө, чүчкүргөндө абага тараган шилекейдин чачырандылары аркылуу жугат.
"Сасык тумоонун жана жүрөк, ашказан дарттарынын белгилери жөтөлтүшү мүмкүн. Ал тургай абанын булганышы, өзгөрүшүнөн да адамдын дем алуусу кыйындап жөтөлөт. Ошондой эле аллергиялык оорулардан улам да жөтөл келип чыгат. Себептери түркүн. Муну бейтап менен сүйлөшүп жатканда аныктайбыз. Көпчүлүк бейтаптар жөтөл кыйнап жатканын айтып кайрылышат. Анткени жөтөлгөн сайын адамдын ичи ооруп, башы чыңалат. Ал эми аял киши заарасын кармай албай калган учурлар болот. Эгер эки жумадан ашса да басылбай, барган сайын күчөй берсе бул көк жөтөл болушу ыктымал, олуттуу мамиле керек. Ал айрыкча түнкүсүн күчөйт. Сөзсүз дарыгерге кайрылып, дарылануу абзел. Убагында чара көрбөсө өмүргө коркунуч келтирет. Өлүмгө кептеген учурлар да болот. Мындан сырткары, чылым тарткан адамдар да тынбай жөтөлүп калышат. Кээ бир кишилер жакпаган дарыларды ичкенде да жөтөлүшү мүмкүн. Бул учурда дарыны ичкенди токтотуп койсо өзү басылат. Жөтөл жаш балдарда бат айыгат. Улгайган адамдар чачма дарыларды жанына алып жүршү керек. Бирок мунун баарын эле көк жөтөлгө кошо бергенде болбойт. Ар бир учурда өзүнчө дарыгерлерден текшерүүдөн өтүү керек", — деди Естебесова.
Ал көк жөтөл жайы-кышы болорун, убагында туура дарылануу өтө маанилүү экендигин кошумчалады.