Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

ЖМКлар Украина айына канча адамды мобилизациялап жатканын ачыкташты

Буга чейин мобилизация боюнча кабыл алынган чаралар согуш талаасында күтүлгөндөй натыйжа бербей жатканы айтылган.
Sputnik
БИШКЕК, 31-июл. — Sputnik. Мобилизациялоону күчөтүү боюнча май айында мыйзам кабыл алынгандан бери Украина бийлиги адамдарды аскерге 30 миңден чакырып жатат. Бул тууралуу New York Times басылмасына шилтеме кылып РИА Новости жазды.
Мобилизациялоону ичинен билген аскердик үч серепчи бул сан кыштагыдан эки-үч эсе көп экенин билдиришкен. Басылма ошол эле учурда жогоруда айтылган санды тастыктоого мүмкүн болбогонун белгилеген.
Буга чейин мобилизация боюнча кабыл алынган чаралар согуш талаасында күтүлгөндөй натыйжа бербей жатканы айтылган. Көптөрү даярдыктан өтүп фронтко салына электигин, ал эми жеткендеринин даярдыгы начар болуп жатканы белгилешкен.
Украинанын аскер комиссариаттарынын өкүлдөрү мобилизация курагындагы эркектерди уруп-сабап алып кетип жаткан видеолор интернетте кеңири тарап келет.
Украинада мобилизацияны күчөтүү боюнча мыйзам 18-майда иштей баштаган. Документ күчүнө кирген күндөн тартып 60 күндүн ичинде бардык аскерге милдеттүүлөр аскер комиссариатынан өз маалыматтарын тактоого милдеттүү. Чакыруу кагазы адамдын колуна берилбесе да тапшырылган болуп эсептелет. Мыйзамда тийиштүү курактагы эркектер аскердик билетти дайыма жанында алып жүрүүсү жана аны талап кылынганда көрсөтүш керектиги белгиленген.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Алты айдан кийин... АКШда Украина боюнча күтүүсүз божомол айтылды