Байге фонду 3 миллион сом. Бишкекте төкмө акындардын айтышы өтөт

Sputnik
БИШКЕК, 30-июл. — Sputnik. Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында 30-31-август күндөрү төкмө акындардын XVII Эл аралык айтышы өтөт. Бул тууралуу "Манас" улуттук театрынан билдиришти.
Иш-чара Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына, Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө, Арстанбек Буйлаш уулунун 200 жылдыгына, Токтогул Сатылгановдун 160 жылдыгына, Барпы Алыкуловдун 140 жылдыгына, Алымкул Үсөнбаевдин 130 жылдыгына карата уюштурулууда.
Байге фонду — 3 миллион сом. Айтыштын тандоо туру 12-август саат 10:00дө "Манас" улуттук театрынын залында болот.
Бишкектин борборундагы көз жоосун алган көрүнүш. Видео