Күнөстөгөн мамалактар, саксынган илбирс. Көлдөгү коруктан тартылган сүрөттөр

Sputnik
БИШКЕК, 31-июл. — Sputnik. Ысык-Көл облусундагы Сары-Чат—Ээр-Таш мамлекеттик жаратылыш коругунда ак илбирс баштаган коргоого алынган жаныбарлар фотокапканга түшкөн. Сүрөттөрдү аталган коруктун башкы егери Өмүрбек Курманалиев жөнөттү.
Андан бейкапар, күнөстөп жаткан аюу жана мамалактарын, алды жагын (кыязы, камераны) көңүл кое тиктеп турган ак илбирстерди, кырдан чыгып келе жаткан тоо эчкини жана бейкапар оттоп жүргөн кийиктерди көрүүгө болот.
1 / 5

Ысык-Көл облусундагы Сары-Чат—Ээр-Таш мамлекеттик жаратылыш коругунда ак илбирс баштаган коргоого алынган жаныбарлар фотокапканга түшкөн

2 / 5

Сүрөттөрдү аталган коруктун башкы егери Өмүрбек Курманалиев жөнөттү

3 / 5

Андан бейкапар, күнөстөп жаткан аюу жана мамалактарын, алды жагын (кыязы, камераны) көңүл кое тиктеп турган ак илбирстерди, кырдан чыгып келе жаткан тоо эчкини жана бейкапар оттоп жүргөн кийиктерди көрүүгө болот

4 / 5

Курманалиевдин айтымында, булар өткөн жылдын июнь айынан быйылкыга чейин тартылган кадрлар

5 / 5

Сүрөттөр коруктун ичиндеги Бир-Байтал аймагындагы фотокапканга түшкөн

Курманалиевдин айтымында, булар өткөн жылдын июнь айынан быйылкыга чейин тартылган кадрлар.
Сүрөттөр коруктун ичиндеги Бир-Байтал аймагындагы фотокапканга түшкөн.
Сары-Чат — Ээр-Таш мамлекеттик жаратылыш коругу Ысык-Көл аймагында Ак-Шыйрак тоосу тарапта жайгашкан. Жалпы аянты 150 миң гектарга жакын. Учурда Сары-Чат – Ээр-Ташта канаттуулардан тарта сойлоп жүргөнгө чейинкилерин эсепке алганда жаныбарлардын 70тен ашык түрү бар.
Томпоңдоп чуркап, жыт алып качкан бала аюу. Сары-Чат—Ээр-Таштан тартылган видео