БИШКЕК, 31-июл. — Sputnik. Россия ИИМинин Башкаруу академиясынан 4 кыргызстандык диплом алды. Бул туурасында Кыргызстандын Ички иштер министрлигинен кабарлашты.
ИИМдин Россиядагы өкүлчүлүгү РФ Ички иштер министрлигинин Башкаруу академиясынын бүтүрүүчүлөрүнө диплом тапшыруу аземине катышкан. Салтанат ишемби күнү Поклонная тоосундагы Улуу Ата Мекендик согуштун борбордук музейинин даңк залында өткөн.
"Академиядан Россиянын ИИМдин аймактык органдарынын жетекчилерин (башчыларын) даярдоо факультетинин 117 угуучу жана илимий-педагогикалык кадрларды даярдоо факультетинин 40 адъюнкт бүтүргөн. Алардын ичинен чет мамлекеттердин укук коргоо органдарынын 32 өкүлүнө, кыргызстандык үч бүтүрүүчүгө магистрдин, ошондой эле бир адъюнктуга академиянын илимий-педагогикалык кадрларды даярдоо факультетин ийгиликтүү аяктагандыгы тууралуу диплом тапшырылды", — деп айтылат маалыматта.
Аземге Россиянын Ички иштер министрлигинин жетекчилиги, академиянын профессордук-окутуучулук курамы, чет элдик өкүлдөр, ардагерлер, бүтүрүүчүлөр катышканы кошумчаланды.