Россияда стратегиялык эмес өзөктүк күчтөрдүн машыгуусунун үчүнчү этабы башталды

Машыгуулар РФ президентинин чечимине ылайык жүргүзүлүүдө.
Sputnik
БИШКЕК, 31-июл. — Sputnik. Россиянын Куралдуу күчтөрү стратегиялык эмес өзөктүк күчтөрдүн машыгуусунун үчүнчү этабын баштады. Бул тууралуу өлкөнүн Коргоо министрлиги маалымдаганын Sputnik радиосу кабарлады.
Билдирүүдө машыгуулар РФ президентинин чечимине ылайык жүргүзүлүп жатканы айтылган.
"Россиянын Куралдуу күчтөрүнүн бөлүктөрү стратегиялык эмес өзөктүк куралды колдонууга даярдоо үчүн машыгат", — деп айтылат маалыматта.
Россиянын Түштүк жана Борбордук аскердик округдарынын ракеталык бирикмелери "Искандер-М" оперативдүү-тактикалык комплекстер үчүн атайын дүрмөттөрдү жеткирүүчү ракеталарга октоп, аларды учура турган жерге жашыруун жетүүгө машыгат.
Путин АКШ Германияга ракеталарын жайгаштырса жооп кандай болорун эскертти