Олимпиада оюндары — 2024

"Неберем айнытты". Эрдоган Олимпиаданын ачылышына эмне үчүн барбагандыгын айтты

Эрдоган биринчи мүмкүнчүлүк болгондо Рим папасына чалып, бул "маскара" боюнча сын-пикирин айтарын билдирди.
Sputnik
БИШКЕК, 31-июл. — Sputnik. Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоган Париждеги Олимпиада оюндарынын ачылыш аземине небересинин суранычы боюнча барбай койгонун айткан. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Анын айтымында, Франциянын президенти Эммануэль Макрондун чакыруусу ага келген.
"Макрон Олимпиадага чакырган, буюрса барам дегем. 13 жаштагы неберем "чоң ата, ал жакка барба" деп калды. Эмнеге десем ЛГБТ* пропаганда болорун айтып, Instagram соцтармагынан видео көрсөттү. Небереме барбай турганымды айттым", — деди Эрдоган.
Ошондой эле ал биринчи мүмкүнчүлүк болгондо Рим папасына чалып, бул "маскара" боюнча сын-пикирин айтарын билдирди. Анын айтымында, бул көрүнүш христиандарды эле эмес, мусулмандарды дагы мазактоо болуп саналат, ал эми сынды кабыл албаган Батыш дүйнөсүн ЛГБТ-лобби басып алды.
Эрдоган ЛГБТны пропагандалап, бирок хиджап кийген спортчулардын катышуусуна тыюу салгандарды да сындады.
Париждеги XXXIII жайкы Олимпиаданын ачылышы Леонардо да Винчинин "Жашыруун кече" картинасына жасалган пародия болгон. Көптөрү ага трансвеститтер менен ЛГБТ* коомчулугунун катышкандыгына нааразы болушкан. Кийин уюштуруучулары аталган иш-чаранын ачылышындагы бир катар адамдарды кемсинткен кээ бир сценалар үчүн кечирим сурашкан.
* Уюм Россия Федерациясында экстремисттик деп таанылган жана тыюу салынган
Олимпиада оюндары — 2024
"Уят..." Трамп Париж Олимпиадасынын ачылышы туурасында