Бишкектеги жолдордо коомдук транспорттор үчүн сызыктар кийинчерээк кайра чийилет

Шаар бийлиги муну жаңы оңдолгон жолдордогу асфальттын жакшы катый электиги менен түшүндүрдү.
Sputnik
БИШКЕК, 31-июл. — Sputnik. Бишкек шаардык мэриясы коомдук транспорттор үчүн сары чийиндер убактылуу “иштебей” турганын билдирди.
Шаар бийлиги муну жаңы оңдолгон жолдордогу асфальттын жакшы ката электиги менен түшүндүрдү. Бир эле чийин менен автобустардын улам-улам каттай бериши жолдордогу аңдардын пайда болушун шарттайт, буга байланыштуу чийиндер азырынча тартыла элек. Бирок аларды кайра чийүү планы бар.
"Жолдордун үстүңкү бөлүгү жаңы ыкма менен жасалууда. Мындай жолдун сапаты анын жакшы кургаганына жараша болот. Борбор шаардагы айрым көчөлөргө сөзсүз түрдө коомдук транспорттор үчүн чийиндер тартылат. Мындан тышкары, коомдук транспорттордун маршруттук схемасы да толук аныкталып бүтүшү керек", – деп айтылат мэриянын маалыматында.
Бишкекте дагы бир жер алдындагы өтмөк салуу пландалууда